Жай мезгили эс алуунун, энергия топтоонун убагы десек болот. Жарандардын көпчүлүгү эмгек өргүүгө, ал эми окуучу, студенттер каникулга чыккан кез. Ошону менен катар үй-бүлөлүк эс алууларды дагы дал ушул жай айына белгилейт эмеспизби. Ал эми жылдыздар бул жылы кайда, кантип эс алышканын SUPER.KG порталы тизмектеп көрдү.
Жайында баарыбыз эле кереметтүү Ысык-Көлгө барып келүүнү пландайбыз. Бул жылы дагы жылдыздардын көпчүлүгү эс алууну Ысык-Көлдөн баштап, көлдөн түшкөн сүрөт, видеолор менен бөлүштү. Алардын катарында ырчы Айгерим Расул кызы дагы бар.
Ошондой эле ырчылар Максат Садырбеков, Жаныбек Женишбеков, Аско Анаркулов жана реп аткаруучусу Бегиш Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк эс алуу өткөрүп келишкен.
Ал эми көлдө көп убакытка эс алган жубайлар ырчы Аваз Акимов жана жубайы Айдана Дека болду десек жаңылышпайбыз. Алардын социалдык тармактарынан кыздары менен көл жээгинде жашап, эс алып келишкенине күбө болдук. Буга чейин ырчылар Ысык-Көлдөн үй алышканын айтышкан эле.
Мындан сырткары дагы бир катар маданият өкүлдөрү үй-бүлөсү менен көлдө эс алып жаткан сүрөттөрү менен бөлүштү. Алардын катарын актёр Эрмек Таалайбеков жубайы, блогер Бекзада Жолборс, ырчылар Кызсайкал Кабылова, Гүланда, Самара Каримова толуктады.
Жайкы эс алууну чет өлкөдөн өткөргөн жылдыздар дагы бар. Айтсак, ырчы айым Анжелика Кайратова жайында бир нече өлкөгө барып, ал жактагы көз ирмемдер менен бөлүшүп өткөн.
Ал эми ырчы Чолпон Талипбек дагы чет өлкөдө эс алып жаткан сүрөт, видеолор менен бөлүшүп, жайкы эс алуусу Түркияда болуп жатканын жазган.
Жылдыздар арасында жайдын аптаптуу маалында тоо арасында, жайлоодо эс алууну сүйгөндөр дагы бар. Өлкөнүн эмгек сиңирген артисти Кенже Дүйшеева бул жайда тоо арасында эс алып жаткан көз ирмемдери менен бөлүшүп өттү.
Жаратылыш койнунда эс алуудан ырахат алган ырчы Кенже Көбөкова "Жан дүйнөнүн тынчтыгын, кен жайлоо, ачык асмандан издеп, жүрөгүмө жылуулук, мээрим, боорукеликти таба алам" деп тоодогу сүрөттөрү менен бөлүшкөн.
Ырчы Сьездбек Искеналиев да жаратылыш койнунда кымыз ичип, эт жеп эс алып жаткан учуру менен бөлүштү.