Жаңы окуу жылынан тарта мектеп окуучулары өздөрү окуган класстарды жууп-тазалашат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева министрликтин Фейсбуктагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, бул балдарды тазалыкка жана жоопкерчиликке тарбиялайт.
"Бул окуучуларды эксплуатациялоо эмес. Мындай чечим окуучунун өзүнүн тазалыгына, өзү жашаган жерге жоопкерчиликтүү мамиле кылууга, башкалардын эмгегин сыйлоого үйрөтүүгө багытталат. Балдар өздөрү отурган партасын, окуган классын, өзү барган даараткананы тазалыкта кармап, камкор мамиле жасоого милдеттүү", - деди министр.
Белгилей кетсек, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде класстарды жууп-тазалоо иштери окуучуларга жүктөлөрүн айткан.