Токмокто менчикке өтүп кеткен автобекет мамлекетке кайтарылды (видео)

Чүй облусунун Токмок шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен автобекет мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, автобекет 1997-жылы "Токмок ПАТП" ААКнын акционерлери тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Ошол эле учурда мамлекет өзүнө калган 30 пайыз үлүшүнөн эч кандай дивиденд ала алган эмес.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын акционерлери автобекет мыйзамсыз менчиктештирилгенин моюнуна алышып, базар баасы 117 миллион сомдон ашкан объектини жер тилкеси жана административдик имараты менен бирге мамлекетке өткөрүп беришкен.

19.08.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан