Жалал-Абад шаарында казакстандык кош бойлуу аялды алып бара жаткан "Тез жардам" унаасы кырсыкка учурады. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-августта облустук милициядан тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя 17-августта Курманбек жана Малашов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаа Базар-Коргон райондук ооруканасынын "Тез жардам" унаасы менен кагышкан. Натыйжада кызматтык унаада бара жаткан 30 жаштагы медайым, казакстандык 18 жаштагы кош бойлуу бейтап жана Hyundai Sonata автокөлүгүндө бара жаткан 24 жаштагы жүргүнчү Жалал-Абад облустук ооруканасына кайрылып, медициналык жардам алышкан.
Бул факты каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.
Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов кош бойлуу аялдын абалы жакшы экенин билдирди.
"Аял кечээ төрөгөн. Учурда баласы экөөнүн абалы жакшы. Толук дарыгерлердин көзөлөмүндө", - деди ал.