Нарында үрөй учурган жол кырсыгынан бир адам каза болду

Нарын шаарына кирип бараткан жолдогу автокырсыктан 1 адам каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, 18-август күнү саат 14:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 346-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу DAF унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен кичи автобустун 29 жаштагы айдоочусу ошол жерден көз жумган жана жанындагы бир жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

Башкармалыктан оор жүк ташуучу унааны 63 жаштагы жаран башкарып келе жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан