Жалал-Абадда жер титиреди

Бүгүн, 19-августта Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымадады.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 17:55де очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Торкен, Кара-Жыгач айылдарында 3 баллга (Торкен айылынан 7 чакырым түштүк чыгышта, Кара-Жыгач айылынан 8 чакырым түндүк батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан