Чолпон-Атада 4 жигит пляжда иштеп жаткан экскаватордун терезеси талкалоого шектелди

Чолпон-Ата шаарындагы пляжда экскаватордун терезесин сындырганга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, Чолпон-Ата шаарынын 32 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин билдиришинче, белгисиз адамдар 11-августтан 12-августка караган түнү шаардын пляжындагы иштерди жүргүзүп жаткан “SINOME ACY 410 H” үлгүсүндөгү трактордун терезесин сындырып кетишкен.

Аталган факты кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүлөр аныкталып, кармалган. Шектүүлөр Чолпон-Ата шаарынын 19 жаштагы У.А., 18 жаштагы А.Б., Б.Н. жана Бостери айылынын 18 жаштагы тургуну Б.А. экени аныкталган.

Тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча шектүүлөргө карата тиешелүү чаралар көрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан