Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат. Бул тууралуу Улуттук банктан бүгүн, 20-августта билдиришти.
Ага ылайык, тыйындын төмөн жагында ак илбирстин сүрөтү, монетанын номиналы «10 сом» чагылдырылган. Монетанын жогору жагында Ала-Тоо түшүрүлгөн. Монетаны тегерете «Кара-Кыргыз автономиялуу облусу /Кара-Кыргызской автономной области – 100 лет» деген жазуу жайгашкан.
Монетанын арткы бетинде гүлдөрдү чагылдырган оймо-чиймелердин так ортосунда өлкөнүн герби жайгашкан. Монетанын оң жана сол тараптарында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» жазуулары түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында монета чыгарылган жыл – «2024», металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (28,28 g) көрсөтүлгөн.
Мекеме аталган монета өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ экенин кошумчалады.