Бишкектин четиндеги Восток айылында унаа сүзүп кеткен 17 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу иилициянын Кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 19-август күнү саат 23:30 чамасында болгон.
Анда Subaru Legacy унаасынын айдоочусу карама-каршы багытта келе жаткан велосипедчен өспүрүмдү сүзүп алган. Өспүрүм ошол жерден көз жумган.
Бардык чогултулган материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, иш иликтенүүдө.