Ош облусунда унааны мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, А.У. аттуу кыргыз жараны мамлекеттик номуру жок TOYOTA CROWN үлгүсүндөгү унааны Япониядан унаа тетиктери катары алып келген. Кийин техникалык тейлөө станцияларынын биринде чогултулганы аныкталган.
Унаа бажы көзөмөл аймагына убактылуу токтотулду.
Чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.