Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти объекттерди аукционго койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-сентябрда төмөнкү объекттерди ижарага берүү үчүн аукцион өткөрүлөт:
- Асанбай кичи районундагы Г.Айтиев, 2/1 дарегиндеги бассейн, аянты 329,0 м2, жанаша аймагы менен 1063,0 м2;
- Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш тарабында Байтик-Баатыр көчөсүндө жайгашкан Кыргызстандын жана Азербайжандын достук сейил багы. Анын жалпы аянты 5,5 гектар, турак эмес жайлар менен 577,9 чарчы метр.
Аукционго катышууну каалагандар сайтка кирип, маалымат алса болот.