Таласта өзгөчө ири өлчөмдө баңгизатын алып бара жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-июлда саат 21:30 чамасында Бакай-Ата районунун аймагынан “Лада 99” үлгүсүндөгү автоунаада баңгизатына окшогон затты алып бара жаткан 1993-жылы туулган К.А. жана 1992-жылы туулган К.Ш. аттуу жарандар кармалган.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, К.А.дан алынган зат 534,7 грамм “марихуна”, К.Ш.дан алынган зат 425,3 граммды түзгөн “марихуна” баңгизаты экендиги аныкталган. Алардан алынган баңгизаттын жалпы салмагы 960 граммды түзгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.