Чүйдө 470 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Жайыл районунда 470 миллион сомдук жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 2007-жылы мамлекеттик органдардын айрым кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып Ак-Башат айылында жайгашкан 31,5 гектар болгон "Аэродром" жер участогунун учуу-конуу тилкесин жана химикаттарды сактоочу кампаны, ошондой эле "Буудай" ААКга таандык башка курулуштарды 185 миң сомго мыйзамсыз алышкан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында болжолдуу баасы 470 миллион сомду түзгөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Учурда башка мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин аныктоо жана кайтаруу иштери жүрүп жаткандыгы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан