Чүй облусунун Сокулук районунун Панфилов айылынын 1978-жылы туулган тургуну Станбек Макулов изделүүдө.
Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, аны акыркы жолу 29-июлда Түп районунун Ынтымак айылынан көл жээгинен көрүшкөн.
Белгилери: бою 170-175 сантиметр, чачы кара түстө, дене түзүлүшү арык.
Кийген кийими: сезонго жараша кийинген.
Милиция көргөн-билгендер болсо 102 жана 0700 00-80-88 номерлерине кайрылууну суранат.