Кыргызстандык балбан Санжар Осмоналиев казак күрөшү боюнча Беларуста өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар билдиришти.
Маалыматка ылайык, Санжар Осмоналиев 60 килограмм салмакта мелдештин финалында казакстандык Абзал Арыстанбековго утулуп, күмүш медаль тагынган.
Кошумчалай кетсек, мелдешке 28 өлкөнүн балбандары катышкан. Анда 1-орунду ээлегендер үчүн 1000 доллар, 2-орун ээлери 500, ал эми 3-орунду уткандар 300 доллар акчалай сыйлык менен сыйланган. Мелдеш 22-декабрда аяктаган.