"Макаров" тапанчасын мыйзамсыз сатып алып, сактап жүргөнгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышта болуп, белгисиз адамдан огу бар Макаров тапанчасын сатып алган К.Т. кармалды.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында анын жашаган жерин тинтүүдө тапанчадан сырткары 7 даана ок табылды.
Шектүү Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси менен кармалып, тергөө абагына киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылып, алынган аскердик тапанчага баллистикалык экспертиза дайындалды.