Ош облусунун Өзгөн районунда мурдагы мамлекеттик кызматкер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, баасы 14 миллион сомду түзгөн 1,5 гектар жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.
18-августта шектүү катары Кадастр мамлекеттик мекемесинин директорунун мурунку орун басары 1967-жылы туулган Б.А. жана Өзгөн шаарынын 1965-жылы туулган М.С. аттуу тургуну кармалып, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.