Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, республиканын аймагында акыркы суткада 25 өрт кырсыгы катталды.
Билдирүүгө ылайык, өрттү өчүрүүгө 26 күжүрмөн эсеп тартылып, Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон.
"Бишкек шаарында 7, Ош шаарында 1, Ош облусунда 4, Чүй облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 2, Баткен облусунда 3 өрт кырсыгы катталды", - деп жазылат маалыматта.