Кыргызстандык 26 жаштагы террорист Сириядан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.
"Кармалган киши Баткендин Кадамжай районунун 1987-жылы туулган тургуну Алишер Абдукахаров. Анын каймана аты Усама экени айтылууда. 2012-жылдан бери ал динге үгүттөмүш болуп эл аралык террордук уюмга тартуу ишин аткарган. Быйылкы жылдын майынан октябрына чейин Сириядагы өкмөттүк күчтөр менен бандиттик уюмдардын ортосундагы кагылыштарга катышкан. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына камалды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинин (жалданмалык) негизинде кылмыш иш козголду" деп жазылат УКМК тараткан маалыматта.