Катар кайрымдуулук фондунун директоруна Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Катар кайрымдуулук (Qatar Charity) фондунун глобалдык программалар боюнча директору Наваф Абдулла Аль-Хаммади жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда тараптар гуманитардык жардам жана Кыргызстанда социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Аль-Хаммади Катар кайрымдуулук фонду бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да жигердүү иш алып барып жатканын белгилеп, муктаждарга жардам берүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Тараптар кайрымдуулук жана социалдык жоопкерчилик жаатында мындан аркы өз ара аракеттенүү жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашышты. Жолугушуунун соңунда Касымалиев Кыргызстандагы жигердүү кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн Наваф Абдулла Аль-Хаммадиге Министрлер кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан