Ооруканада дарыгерге кол салган кыз убактылуу кармоочу жайга киргизилди 

Чүйдөгү ооруканалардын биринде дарыгерге кол салган кыз убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-августка караган түнү болжол менен саат 01:00дө оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 21 жаштагы кыз "ичимдикке ууланган" деген диагноз менен келип түшкөн.

"Болжол менен саат 04:00дө ал өзүнө келип, ооруканадан кетейин деген. Бирок дарыгерлер кыздын туугандары келгенге чейин аны коё бере албай тургандыктарын билдиришкен. Мындан улам кыз ачууланып ал жерде иштеген дарыгерге кол көтөргөн", - деп билдиришти милициядан.

Аталган окуядан кийин сабалган дарыгер милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, кечээ социалдык тармактарда белгисиз аялдын медицина кызматкерине кол салган видеосу тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан