Бүгүн, 21-августта Ысык-Көл облусундагы селден жабыркаган аймактарды тазалоо иштерине жалпы 983 адам, 57 атайын техника тартылган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, саат 15:00гө карата кошумча Жарандык коргонуу кызматтарынан 129 адам, 11 атайын техника кошулган.
Ошондой эле таза суусуз калган айыл элин куткаруучулар суу менен камсыздашууда.