Казакстандагы Костанай облусундагы ооруканадан 3 жаштагы бала 10 магнит жутуп алып каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.
Андагы маалымат боюнча, 7-июль күнү Анна Агаркова деген жаран уулу магнит жутуп алганын айтып, ооруканага кайрылган. Ал жактан баланын ичинде 10 магнит бар экенин аныкташкан. Баланын апасынын айтымында, дарыгерлер ал магниттер табигый жол менен чыгарын жана коркунучтуу эмес экенин айтышкан.
"Эртеси дарыгерлер уулумду текшерүүдөн өткөрдү. Текшерүүдөн кийин канга анализ тапшырдык. Дарыгерлер баламдын ажатканага барышы керектигин билдирди. Бирок ал учурда уулум аябай кыйналып, ичи ооруп жатканын айтты. Баламдан "кайсы жериң ооруп жатат" деп сураганда ичинин өйдө жагын көрсөттү. Ошол кезде баламдын ичи шишип кеткен эле, бирок мен ойлогом текшерүүдөн кийин ушундай болуп жатат го деп", - деген каза болгон баланын апасы.
Ал эми кечинде баланын дене табы көтөрүлүп кеткен, ичиндеги магниттер кыймылдашы үчүн бала кыймылда болушу керектигин дарыгерлер эскерткен.
10-июль күнү балага операция жасалып, ичиндеги магниттер алынып чыгарылган. Бирок, бала ооруканадан каза болуп калган.
Баланын апасы уулуна эртерээк операция жасалганда тирүү калмак экенин билдирген. Учурда баланын өлүмү боюнча соттук экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.