Акылбек Жапаров Чүйдөгү өнөр жай ишканаларга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы өнөр жай жана өндүрүш ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, Жапаров 31-августта ишке киргизилиши пландалып жаткан бир катар ишканаларга барып, ошондой эле Кемин районундагы клинкер өндүрүүчү заводдо жана “Миронов” кенинде болду.

Өкмөт башчы калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Биз ишканаларыбыздын ийгиликтүү иштеши үчүн бардык шарттарды түзүп, заманбап технологияларды киргизип, продукциянын сапатын жогорулатууга тийишпиз. Чүй облусу өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүү картасында өзүнүн татыктуу ордун ээлеши керек”, - деди ал.

Мындан тышкары Жапаров “Куттуу-Сай” кенинин иши менен да таанышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан