Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 1-июндан тарта бүгүнкү күнгө чейин “жылуулук режимин” сактабаган транспорт каражаттарынын ээлерине 213 протокол түзүлдү. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, айдоочуларга жалпы 3 миллион 877 миң 500 сом айып пул салынган.
“Текшерүү иштери 21 транспорттук көзөмөлдөө пунктунда жана 10 мобилдик топ аркылуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, салынган жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатында 1-июндан 1-сентябрга чейин салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген. Абанын күндүзгү температурасы 28 градустан жогорулаганда саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин аларга жолдо жүрүүгө болбойт.