Ички иштер министрлиги Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу көчөсүндө каза болгон жаран тууралуу үн катты.
Министрликтин маалыматына ылайык, 9-август күнү болжол менен 22:40 чамасында 102 кызматына Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан Кыргыз улуттук университетинин имаратынын 3-кабатынан белгисиз жаран секирүүгө аракет кылып жатат деген маалымат келип түшкөн.
Жогоруда көрсөтүлгөн маалымат Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, маалымат тастыкталган.
"Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келген учурда 1988-жылы туулган жаран С.И. А. менен сүйлөшүүгө аракет кылышкан, бирок натыйжа берген эмес. Анткени жогорудагы жаран адекваттуу эмес абалда болгондуктан, өзүн жаман сезип, физикалык жана моралдык жактан туруксуз болгон. Андан соң ал көчөгө качып чыгып, жолдо кулап, белгисиз себептерден улам каза болгон.
Окуя болгон жердеги күбөлөрдүн сөзү боюнча, адекваттуу абалда эмес болгон жаран С.И.А. “Мени өлтүргөнү жатат” деп кайра-кайра кайталап, имараттын ичине чуркап кирген. Аны токтотуу аракети натыйжа бербегендиктен, милицияны чакырышкан. Андан сырткары, бул жаран мурда Республикалык психиатрия жана наркология борборунда бир нече жолу дарыланган жана 2015-жылдан бери психиатрияда, 2017-жылдан бери наркологияда каттоодо тургандыгы аныкталган", - деп билдиришти ИИМден.
Азыркы учурда Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан жарандын өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдары боюнча бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы менен жазык-процессуалдык кодекске ылайык чечим кабыл алынат.