Таластагы ат майдандын имаратынын айнектерин сындыргандар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-августта Талас облустук ат майдандын жетекчиси Рафаэль Шайдылдаев ат майдандын имаратынын айнектерин белгисиз жарандар сындырып кеткенин айтып чыккан. Бул окуя Талас районунун милициясы тарабынан каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Натыйжада ат майдандын айнектерин 10 жаштагы 2 бала ойноп сындырып койгондугу аныкталып, балдардын ата-энелери ат майданга келтирилген чыгымды төлөп бермей болду.