Тоңдо Зындан көлү жарылып, адамдар эвакуациялана баштады (видео) 

Бүгүн, 21-августта Тоң районунда бийик тоолуу көл жарылгандыктан адамдар эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Алдын ала маалымат боюнча, Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөн.

Мындан улам суу каптоо коркунучу жаралгандыгы тууралуу маалымат түшүп, адам өүрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында Тоң райондук №38 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жеринде иш алып барууда.

Куткаруучулар Күн-Чыгыш айыл аймагындагы Балык завод тилкесинин жана Туура-Суу айылынын жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялоону жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эскертип, суу нугун буруу иштерине чыгып кетишкен.

Туура-Суу гидропостунун маалыматы боюнча бийик тоолуу Зындан көлү жырылып, суунун көлөмү көбөйгөн. Аталган гидропосттун кызматкери көлдүн жырылуусун тактагандыгы аныкталган.

Мындан улам Туура-Суу айылындагы 160тай адам Ак-Сай жана Эшперов айылдарына убактылуу көчүрүлгөн.

Учурда аталган айылды суу каптоо коркунучунан алдын-алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Тоңдогу Зындан көлү жарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан