Ош шаарындагы №177 көчө толук капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлады.
Ага ылайык, жол четине жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жасалган. Мындан тышкары суу өтүүчү арык лотоктор жана түнкү жарыктандыруу чырактары орнотулган. Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов бүткөрүлгөн жумуштар менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолукту.
Бул жол шаар аймагынан Фуркат айылына чыккан айланма жол болуп, Ош-Бишкек, Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там эл аралык жолдорун байланыштырары айтылат.