
Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери
Касымбай Жолдошов 99 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта шаардык мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, ардагер 2-топтогу майып болгон. Ал 1925-жылы 25-июнда Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган.
"1943-жылдын 18-январында Ноокат райондук аскер комиссариаты тарабынан согуш майданына чакырылып, 154 аткычтар полкунда 2 жыл кызмат өтөгөн. 1950-жылдын май айына чейин 8 жыл мекенге кызмат кылган.
1945-жылдын 9-августунда япондук самурайларга каршы согушта орудияга командир болуп дайындалып, 3-сентябрга чейин Япон согушуна катышкан. Андан кийин Кытайдын Манчжурия провинциясын бошотууда Харбин шаарына чейинки согуштун аягына чейин катышкан.
Согуштагы эрдиктери үчүн III даражадагы орденге жана башка медалдарга татыктуу болгон", - деп жазылат анда.
2004-жылдан бери Ош шаарында туруктуу жашап келген. Маркумдун артында бир уул, бир кызы, 15 небереси, 50 чебереси жана 1 кыбырасы калды.
Ардагер бүгүн Шаңкол айылында саат 14:00дө акыркы сапарга узатылат.