Ысык-Көлдүн Тоң районунда бийик тоолуу Зындан көлү жарылганына байланыштуу айрым жолдор убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Мындан улам Бөкөнбаев-Темир-Канат унаа жолу, көпүрөлөр, Балык завод тилкесине баруучу унаа жолу жабыркаганына байланыштуу убактылуу жабык.
Ошондой эле Туура-Суу айылынан жана Балык завод тилкесинен 400 тургун Эшперов жана Ак-Сай айылынын мектептерине эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Учурда жолдорду жана турак жайларды суу каптоо коркунучунан алдын-алуу иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ, 21-августта бийик тоолуу Зындан көлү жырылып, суунун көлөмү көбөйгөн.