Аксыда "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери кармалды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр райондун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызматкерлери муниципалдык атайын техниканы колдонуп, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында жеке коммерциялык уюмдардын буюртмасы менен артезин скважиналарын бургулоо боюнча кызматтарды көрсөтүшкөн. Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн алар 8 миллион сомдон ашык акы алышкан.

Мындан улам ишкананын кызматкерлери "муниципалдык менчикти жеке баюу максатында пайдаланышкан" деп айыпталып жатат.

17-августта Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн "Тазалык" ишканасынын башчысы А.З. жана айдоочу-механик Т.С. кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан