Чүй облусунун Сокулук районунда 18 жаштагы Анарбек Алишер уулу изделип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 8-август күнү саат 18:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
Белгилери: бою 165-170 сантиметр, дене түзүлүшү орто, чачы менен көзү кара түстө.
Кийген кийими: кара түстөгү футболка, боз шым, кара түстөгү сумка, бутунда сары түстөгү бут кийим болгон.
Милиция көргөн-билгендер болсо 0313 45-33-80, 0312-60-75-67 (нөөмөт бөлүмү), 0708-18-46-57, 0701 80-18-03 номурларына кайрылууну суранат.