Министр Токтогул ГЭСинин күз-кыш мезгилине болгон даярдыгын көрдү

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСиндеги аткарылып жаткан иштерди текшерди. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта министрликтен билдирди.
Маалыматка ылайык, министр алгач Токтогул ГЭСинин 1-гидроагрегатын реконструкциялоо ишин текшерип, учурда модернизациялоонун 65 пайызы бүткөнүнө күбө болду. Тийиштүү жетекчилер аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, күз-кыш мезгилине чейин гидроагрегат 100 пайызга даяр болорун билдиришти.
Мындан тышкары Ибраев Үч-Коргон ГЭСинин 4-гидроагрегатынын реконструкциялоо иштерин жана күз-кыш мезгилине болгон даярдыгын көрдү. Анда ГЭСтин башкы директору 4-ГАнын модернизациялоо иши 55 пайызы бүткөнүн билдирди.
Министр аталган ГЭСтердин жетекчилерине оңдоп-түзөө иштери график боюнча өз убагында бүтүшү керектигин эскерткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан