Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы жеке колго мыйзамсыз өтүп кеткен суу мунарасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалымдалгандай, тергөөгө чейинки текшерүүдө Ш.Д. аттуу адам 1998-жылы объектти мыйзамсыз менчиктештиргени аныкталды.
"2443,75 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан суу мунарасынын пайдалуу аянты 14,1 чарчы метрди түзөт. Анын базар баасы 30 миллион 405 миң 970 сомду түзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында суу мунарасы мамлекеттин балансына кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.