Бүгүн, 22-августта “Манас” эл аралык аэропортуна бомба коюлган деген маалыматтан улам аэропорттун кызматкерлери менен жүргүнчүлөр эвакуация болуп, 1 сааттан кийин кайра имаратка киришти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, бомба коюлганы тууралуу маалымат саат 10:45 чамасында электрондук почтага келген.
"Бомба коюлган деген маалымат жалган болуп чыкты. Пландалган рейстер токтотулган жок", - деп билдиришти аэропорттун басма сөз кызматынан.