Өлкөдөгү мектептерде 2024-2025-окуу жылындагы каникулдардын убактысы белгилүү болду. Бул тууралуу маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги жарыялады.
Ага ылайык, окуу 2-сентябрда башталып, 26-майда аяктайт.
Окуучулар күзүндө 4-ноябрдан 10-ноябрга чейин каникулга чыгат. Ал эми окуу 11-ноябрда башталат. Кышкы каникул 14 күнгө созулат. Тагыраагы, окуучулар 30-декабрдан 12-январга чейин эс алышса, жазгы каникул 17-марттан 23-мартка чейин уланат.
Ошондой эле 480 сааттык “Наристе” мектепке чейинки даярдоо программасын окуган алты жаштагы балдар үчүн III чейректе каникул күндөрү кошумча эки жумага узартылат, ал эми 1-класстардын окуучулары үчүн III чейректе каникул күндөрү кошумча бир жумага узартылат.
Мындай график мамлекеттик жана жеке мекчик, мектеп-гимназиялар, мектеп-лицейлер ошондой эле гимназия жана лицей класстары бар жалпы билим берүү уюмдарында жүргүзүлөт.