Өлкөдө унаалардын каптал айнектерин караңгылатуу арзандады

Унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүнүн жол-жобосу жеңилдетилип, баасы арзандады. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, 2024-жылдын 1-сентябрынан тарта унаалардын терезелерин караңгылатууга уруксатты мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүнө барбастан, онлайн режиминде алууга болот.

“Эми тонировкага уруксат алуу үчүн Мамлекеттик агенттиктин бөлүмдөрүнө барбастан, каалаган ыңгайлуу убакта онлайн кайрылса болот. Мамлекеттик агенттиктин бөлүмүнө кайрылган учурда «TUNDUK» тиркемеси аркылуу санариптик документтерди: паспорт жана транспорт каражатынын каттоо күбөлүгүн көрсөтсө болот. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйымдын өлчөмү да өзгөртүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Жыйым төмөнкүдөй өлчөмдө алынат:

  • Жеке жактар: 50 000 сом (500 эсептик көрсөткүч)
  • Юридикалык жактар: 70 000 сом (700 эсептик көрсөткүч)
  • Резидент эместер: 90 000 сом (900 эсептик көрсөткүч)

Жыйым буга чейин жеке жактардан 80 миң, юридикалык жактардан 100 миң, ал эми резидент эместерден 120 миң өлчөмдө алынып келген.

Эскерте кетсек, каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат 1 жылдык мөөнөткө М1 категориясындагы жеңил унааларга гана (таксилерден тышкары) берилет. Транспорт каражатын тонировкалоого уруксаттын бар-жоктугун «Carcheck» кызматы аркылуу автоматтык түрдө текшерүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан