Бишкек шаарындагы Бакыт өргөөсүнө жаңы жарыктандыргычтар орнотулду.
Бишкек шаарынын мэриясы билдиргендей, жарыктандыргычтарды "Бишкекжарык" ишканасы орноткон. Эми Бакыт өргөөсүн 18 чоң жарык бергич жана 40 кичине жарык бергичтер кооздоп турат.
Ошондой эле аталган имараттын сырттындагы аллея дагы өзгөртүлүп, 6 жарыктандыргыч менен көрктөндүрүлдү.