Терезелери ачык калган. Баткенде 90 жаштагы тургундун үйүнө ууру кирди

Баткендеги Алты-Адыр айылынын 90 жаштагы тургуну Ташбүбү Абилованын үйүнө ууру кирди. Бул тууралуу облусттук милициядан билдиришти.

Ага ылайык, 20-август күнү Абилова ден соолугу начарлап, кызы менен ооруканага кеткен. Ошол күнү анын үйүнүн терезелери ачык калып, үй буюмдары белгисиз адамдар тарабынан уурдалган.

Алар бул боюнча милицияга кайрылган эмес. Бул маалымат социалдык тармакка чыккан соң Баткен РИИБинин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон үйгө барып, аталган тургундун тамак бышырчу плитасы, казаны жана 2000 сом акчасы жоголгонун такташкан.

Учурда бул факты боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан