Кыргызстандан көмүрдү автомобиль транспорту менен ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизилет. Мындай токтомду Министрлер кабинети коомдук талкууга алып чыкты.
Маалымдалгандай, чектөөлөргө “Эркеч-Там” жана “Торугарт” унаа өткөрүү пункттары кошулбайт. Жана да Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына жайылтылбайт.
“Токтом ички рынокто катуу отундун жетишсиздигин алдын алуу жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында чыккан”, - деп айтылат аныктамада.
Эгер токтом кабыл алынса 2024-жылдын 20-сентябрынан тартып күчүнө кирет. Мындай чектөө өткөн жылы да орун алган.