КМШга мүчө өлкөлөрдөн келген жаш жол тескөөчүлөр арасында кароо-сынак өтүүдө

Бүгүн, 22-августта Ысык-Көл облусунда КМШга мүчө өлкөлөрдөн келген жол тескөөчүлөрдүн мамлекеттер аралык кароо-сынагы өтүп жатат.

Ички иштер министрлигинен билдиргендей, иш-чаранын максаты Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоо жана балдардын катышуусундагы жол кырсыктардын алдын алуу, санын азайтуу болуп саналат.

Кароо-сынакка КМШ өлкөлөрүнөн Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын командалары катышууда. Алар өз өлкөсүнөн 1-2-орундарды ээлеп келген, 29 мектеп окуучусунан турган 6 команда.

Мамлекеттер аралык кароо-сынак 4 номинация боюнча өткөрүлүүдө:

- Саптык кароо;

- Жаш жол тескөөчү;

- Келечектеги айдоочу;

- Жол кыймылынын эрежелерин билген чеберлер.

Кароо-сынак 24-августка чейин уланып, жыйынтыгы иш-чаранын акыркы күнүндө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан