Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды адам сатуунун курмандыгына кабылгандардын коопсуздугун күчөтүүгө чакырды.
Акыйкатчы институтунан билдиргендей, Жаманбаева көпчүлүк учурларда адам сатуунун курмандыгына аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, мигранттардын балдары, жетим балдар, жарым жетимдер, майыптыгы бар адамдар жана кары-картаңдар кабылып жатканын айтты.
"Алар ошондой эле кулчулукка, сексуалдык эксплуатацияга, мажбурлап иштөөгө жана башка оор турмуштук кырдаалдарга туш болушу мүмкүн. Укук коргоо органдары тарабынан мындай жүрөктү ооруткан фактыларга бөгөт коюлушу керек. Ал эми аялдар жана балдар кошумча же болбосо өзгөчө коргоого муктаж", - деди акыйкатчы.
Аталган институт тарабынан Чолпон-Ата шаарындагы туристтик милиция кызматкерлерине жана эс алуу үйлөрүнө адам сатуу көйгөйү туурасында тренинг өткөрүлүп, анын алдын алуу, калкты маалымат менен камсыздоо сыяктуу маселелер талкууланды.