Казакстандан Кыргызстанга 626 миң 400 даана тооктун жумурткасы мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталды. Бул туурасында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз иш-аракет министрликтин “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан аныкталган.
“Киргизилген чектөөгө ылайык, инспекторлор тарабынан акт түзүлгөн. Жүк “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстанга кайтарылды”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 6-июнундагы №293 токтомуна ылайык, Кыргызстандын аймагына тоок жумурткаларын алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизилген. Министрлик республикада соңку эки жылда канаттуулар чарбачылыгы кеңейип, жергиликтүү өндүрүш болжол менен эки эсеге өскөнүн кабарлаган.