Өлкөдө Эгемендүүлүк күнүнө карата 40ка жакын өнөр жай ишканалары ачылат

Өлкөдө 31-августка карата 39 өнөр жай объектинин ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, жыл башынан бери өлкөдө 44 ишкана ачылган.

"Баткен облусунда 5 ишкана ачылат – 2 кичи ГЭС, кагаз баштыктарын чыгаруучу цех, көмүр казуучу ишкана, ошондой эле Чакуш кенин иштетүү боюнча да иштер башталат. Ал эми Талас облусунда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу кичи заводдун ачылышы күтүлүүдө.

Ош облусунда 8 объекттин ачылышы болот – муниципалдык тигүү цехи, асфальт заводу, курулуш материалдарын чыгаруучу 2 завод, кичи ГЭС, көмүр казуучу ишкана, ошондой эле Ачы участкасында көмүр брикеттерин өндүрүүчү завод, логистикалык борбор", - деп жазылат анда.

Ошондой эле Чүй облусунда 13, Ысык-Көлдө 3, Нарында 4 ишкана ачылары айтылат.

"Жалал-Абад облусунда дизел отунун, бензин, битумду кайра иштетүүчү завод ачуу жана “Эти Бакыр-Терексай” ЖЧК ишканасында жаңы алтын бөлүп алуу фабрикасын ачуу пландалууда. Бишкек шаарында жүк ташуучу унааларды чогултуу, нан жана ундан жасалган кондитердик азыктарды чыгаруу боюнча 2 ишкананын ачылышы күтүлүүдө. Ал эми Ош шаарында текстиль чыгаруучу ишкана жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн кайра иштетүү жана сактоочу заводдун ачылышы мерчемделүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары ушул жылдын аягына чейин өлкөдө 130дан ашык өндүрүштүк жана социалдык объектилердин ачылышы күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан