Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы 5 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Барскоон айыл аймагындагы 5 гектар жер тилке 2024-жылы туристтик жана рекреациялык пайдалануу үчүн мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Анын базар баасы 35 миллион 865 миң 868 сомду түзөт.
Иликтөөнүн жыйынтыгында жер тилкеси айыл өкмөттүн карамагына кайтарылып, муниципалдык менчик катары калыбына келтирилди.