Жалал-Абадда айдоо аянтына курулуш жүргүзүүнү көздөгөн факты аныкталды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагында жеке жаран өзүнүн айдоо аянтын бузуп, турак жай курууну көздөгөн факт аныкталды. Бул туурасында бүгүн, 22-августта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, “Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 135 миң 524 сом доо коюлду.

Ага улай “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин негизинде айып салынып, жерди максаттуу пайдалануу зарылдыгы эскертилгендиги маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан