Эртең өлкөдөн "Оскар" сыйлыгына талапкер тасма тандалат

Эртең, 23-августта Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө "Оскар" сыйлыгына талапкер тасма тандалат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиргендей, эртең саат 10:00дө кыргыз режиссёрлору "Чет тилдеги эң мыкты тасма" номинациясында ат салышып, өлкөнүн атынан катыша турган тасма жарыяланат.
"Учурда чет өлкөлөрдөгү "Оскар" комитеттери талапкерлердин узун тизмесин түзүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатышат. Кылдат тандоодон кийин атайын калыстар тобу шорт-лист (кыска тизме) түзүп, анын ичинен жеңүүчү тандалат", - деп жазылат анда.
97-"Оскар" сыйлык тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында Лос-Анжелестин Dolby театрында өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан