"Айыл банк" Орусиянын "Сбер” тиркемеси аркылуу акча которууларды токтотту

“Айыл банк” коммерциялык банкы 22-августтан тарта Орусиянын “Сбер” тиркемеси аркылуу банктын кардарларынын эсептерине жана карталарына акча которууларды белгисиз мөөнөткө токтотту. Бул тууралуу маалымат аталган банктын сайтында жарыяланды.

“Айыл банк” азыр эл аралык акча которууларды "Золотая корона", "Астрасенд" системалары аркылуу кадимки режимде ишке ашырып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 17-августта "Мбанк" санкцияга кабылган "Сбербанк", "Тинькофф" жана "МТС" сыяктуу орус банктары менен акча которуу кызматын токтотконун жарыялаган.

Анын артынан 20-августта "Керемет банк" коммерциялык банкы Орусиянын "Сбербанк", "МТС Банк", "Тбанк" ("Тинькофф") банктары жана Орусиянын “НСПК” улуттук төлөм системасынын операторунун мобилдик тиркемелери аркылуу акча которуулар белгисиз мөөнөткө токтотулганын билдирген.

Мындан тышкары DemirBank жана KICB да Орусия аркылуу акча которууларды токтоткону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан