Ошто баңгизаттарды жарнама кылган жарандар кармалды

Бүгүн, 22-августта Ош шаарынын аймагында баңгизаттарды жарнамалаган эки жаран кармалды. Бул туурасында Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, шаардагы көчөлөрдө атайын рефераттар жана баннер аркылуу баңгизаттарды жарнама жасап, алуу үчүн электрондук даректер белгиленген жазуулар милиция тарабынан өчүрүлгөн жана да алар тууралуу маалымат аныкталган.
"Бул мыйзамсыз иштерди жасап жүргөн Ош шаарынын тургундары 1998-жылы туулган И.М. жана 1997-жылы туулган И.С. кармалып, тергөө кызматына жеткирилди. Алар суракта кылган иштерин моюнга алып, бул ишке акчага муктаждыгынан улам барышканын билдиришкен. Телеграм аркылуу белгисиз адамдар аларга акча которуп турушкан", - деп айтылат маалыматта.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан